Ташкентте 10 метрлик шишкебек жасалды

Ташкентте 10 метрлик шишкебек жасалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда Ташкент шаарындагы "Навруз" сейил багында "10 метрлик кебаб фестивалы" өткөрүлгөн. 10 метрлик шишкебекти ашпозчулар менен биргеликте Өзбекстандын вице-премьер-министри, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Азиз Абдухакимов даярдаган.

10 метрлик шишкебекти жасоого 38 килограмм фарш керектелген, ал 15 мүнөттө даяр болгон. Андан кийин шишкебек порцияга бөлүнүп, аны сатуу үчүн бөлүнгөн жерлерге өткөрүп берилген.

Мааракеге 15 миңге жакын адам катышкан. Аталган фестиваль бардык санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен өткөрүлүп, келген конокторго медициналык бет каптар берилген деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан