Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардын түштүк бөлүгүндө курулуп жаткан сейил бактардын курулуш иштерин текшерди.
"Шаарыбызда курулуп жаткан "Балалык" сейил багынын аянты 8 гектар. Бүгүнкү күндө 49 миллион сому колдонулду. Азыркы учурда курулуш иштеринин 60 пайызы бүттү. Эки же эки жарым айдын ичинде толугу менен жумуштар бүтөт деп ойлоп жатабыз. Бул сейил бак аты айтып тургандай эле, кичинекей балдарга арналып курулууда. Бул жерге аттракциондун көптөгөн түрлөрү коюлат. Учурда тротуарлар менен фонтандар жасалды. Балким, экинчи тендер менен же бюджеттин акчасынан өзүбүз кичинекей балдарга дагы ылайыктуу кылып толук иштеп чыгабыз", - деп билдирди Азиз Суракматов.
"2019-жылы капиталдык курулуш башкармалыгынын бюджетинен акча каралган, ал каражатка долбоорду бүтүрүп, архитектуралык иштерди баштаганбыз. Бүгүнкү күндө жумуштун 55-60 пайызы бүттү. Эң сапаттуу материалдар колдонулуп жатат, тагыраагы гранит жана мраморго маани бердик. Биздин максат - сейил бак сапаттуу материалдар менен курулуп, узак жылга чейин пайдаланууда болсун. 2-3 айдан кийин биз жумуштарды бүтүрүп, кыргыз элине жакшы сейил бакты ачып беребиз деп турабыз", - деп билдирди Уланбек Азыралиев.