Түркия жаңы чыгарган жөө аскерлер техникасына “Тулпар" деген аталыш ыйгарды. Бул тууралуу аталган аскердик техниканы чыгарып жаткан "Otokar" компаниясынын башкы директору Сердар Гергүчтүн билдиргенине таянып, түрк басылмалар жазып чыгышты.
Анын айтымында, жаңы техника Түндүк атлантикалык альянстын (НАТО) стандарттарынын негизинде сыноодон ийгиликтүү өтүп, учурда Түркия президентинин администрациясынын коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын колдоосу менен чыгарууга даяр турат.
“Бул аскер машинасы акыркы технологияларды колдонуу менен чыгарылган. Ал эң татаал климаттык шарттагы сыноолордон өткөн. Жаңы муундун техникасы ыкчамдыгы жана ок атуу артыкчылыгы менен айырмаланат. Учурда аны көп санда чыгарууга толук даярбыз. Бул Түркиянын жеке өзү чыгарган алгачкы аскердик техникасы”, - деп билдирген Гергүч.