Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов скандинавиялык басуу менен алектенип баштады

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов булчуңдарды чыңдоо максатында скандинавиялык басуу менен алектенип баштады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, президент Гурбангулы Бердымухамедов спорт менен машыккандан кийин булчуңдарды жакшы абалда кармоо үчүн жакшы ыкма деп эсептеп, скандинавиялык сейилдөөнү баштаган. Андан кийин ИИМдин Автоспорт борборунда ички иштер министри Мамметхан Чакыев жана спорт жана жаштар саясаты министри Гүлмырат Агамырадовдун катышуусунда жумушчу кеңешме өткөргөн.

Белгилей кетсек, Бердымухамедов 15 жашында эркин күрөш боюнча Ашхабаддын чемпиону, бир жылдан кийин ок атуу боюнча республиканын чемпиону болгону, ошону менен катар ат чабыштарга, дрифт жарыштарына, ок атууга катышып турары маалымат каражаттарында байма-бай айтылып жүрөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazira...
2020-10-20 16:00:26
Оюндагысын кылган киши экен бул да.
0
JaneEr
2020-10-20 17:37:15
Курсагы ток,делать нечего.Народ пахает за него.
+1
bond02
2020-10-20 17:48:20
Эн туура! Ар ким сергек жашоого акылуу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан