"Бири-биринен бир метрдей аралыкта бет кап тагынуу милдет". Италияда бет кабын чечип өбүшкөн түгөйлөр жазаланды

Милан шаарында көчөдө өбүшүү үчүн бет кабын чечкен түгөйлөр Италия өкмөтүнүн коронавируска каршы чектөөлөрүн бузду деп 400 евро айып салынды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 40 жаштагы италиялык киши польшалык түгөйү менен ресторанга бара жаткан жолдо бет кабын чечип өбүшүп жаткан учурда полиция кармап алган.

Жергиликтүү бийликтин чечимине ылайык, адамдар бири-бирине бир метрдей аралыкка жакын болгон учурда бет кап тагынуусу зарыл. Бул эреже чогуу жашагандарга тиешеси жок. Бирок полиция бул түгөйлөрдүн эки башка даректе жашаганын аныктагандан кийин айып салган.

"Worldometer" уюмунун маалыматына ылайык, 19-октябрга карата Италияда COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 402 миң 536га жеткен. Анын ичинен 36 миң 474 бейтап каза болгон. 249 миң 127 адам айыгып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан