Казакстандын Нур-Султан шаарында унаанын капотунда өбүшүп жаткан түгөйлөрдүн видеосу социалдык тармактарга тарады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, аталган роликти автоунаанын ээси тартып алган. Видеодо жигит менен кыз башка бирөөнүн унаасына жөлөнүшкөнүн көрүүгө болот. Видеонун автору түгөйлөрдүн жүрүм-турумун жактырбагандыктан полиция чакырган. Окуя болгон жерге укук коргоо кызматкерлери барганда, кыз унаанын ээсинен өч алуу үчүн капталдагы күзгүнү уруп жиберген.
Ал эми бул окуя боюнча Нур-Султан полициясы жергиликтүү маалымат каражаттарына төмөндөгүдөй комментарий берген:
"16-октябрь күнү полицияга шаар тургунунан кайрылуу келип түшкөн. Ага ылайык, "Алма-Ата" бизнес борборунун жанынан жаш түгөйлөр өздөрүн адепсиз көрсөтүшүп, автоунаасынын капотуна таянып туура эмес көрүнүштөрдү кылып жатканы тууралуу айткан. Чакыруу боюнча полиция кызматкерлери келишип, бул факт тастыкталган. Ал эми жаш түгөйлөр тергөө иштери үчүн жергиликтүү полиция бөлүмүнө жеткирилген. 30 жаштагы жигит жана анын 26 жаштагы сүйлөшкөн кызы административдик жоопкерчиликке тартылышты", - деп жазылат маалыматта.