Дональд Трамп менен жолугушууну талап кылган Кыргыз жараны психикалык абалын текшерүү үчүн ооруканага жаткырылды
Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчилиги Чикагодогу бийик имараттын коопсуздук жибине асылып, АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүнү талап кылган Кыргыз жараны кармалган окуяга комментарий берди. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, элчилик Э.А.нын Ысык-Көл облусунун 1989-жылы туулган тургуну экендигин тастыктаган. Э.А. психикалык абалын текшерүү үчүн Түндүк-Батыш мемориалдык ооруканасына жаткырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кандайдыр бир жергиликтүү мыйзамдарды же мыйзамдуу тартипти бузгандыгы үчүн айыптар азырынча карала элек. Ошол эле учурда Чикагонун полиция департаментинин расмий билдирүүсүнө ылайык, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлөт.
Ошондой эле элчилик Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү мамлекеттик органдарынын жана кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен байланышта болуп, Э.А.га консулдук юридикалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет.