Кичинекей балага иттин кол салуусунан мышыктын сактап калган видеосу интернет колдонуучуларынын көңүлүн өзүнө бурду. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарап жатат.
Маалыматка ылайык, видео Бразилияда тартылган. Анда көрүнгөндөй, кичинекей бала итке таш ыргыткан. Бул учурда ал балага кол салганын көрүүгө болот. Андан соң мышык чуркап келип, кичинекей балага жардам бергени видеого түшүп калды.
Интернет колдонуучуларынын бири видеонун алдына "Мышыкты көпчүлүк баалай беришпейт, бирок алар биз үчүн кам көрөт" деген пикирин калтырган.