Төшөктө муздак аялдар арабызда бир топ. Алардын муздактыгынын себеби эмнеде да, канткенде аларды төшөктө кумарлуу айымга айлантууга болот?
Төшөктөгү муздак айымдар илимде аноргазмия илдетине чалдыккандар деп аталат. Төшөктөгү муздактык убактылуу болушу мүмкүн. Ошондой эле убакыттын өтүшү менен да пайда болушу ыктымал. Сексологдор муздактыкты келип чыгуу себептерине жараша төмөнкүдөй түрлөргө бөлүшөт.
ООРУДАН УЛАМ КЕЛИП ЧЫККАН МУЗДАКТЫК
Мындай муздактык баңгизаттарды колдонуудан, төрөт учурунда жатын кынынын жаракатка учурашынан же депрессия, чарчап-чаалыгуудан улам пайда болот. Андыктан айымдар тиешелүү дарыгерлерге кайрылып, алдын ала ден соолугуна кам көрүүлөрү керек. Сексологдор мындай айымдарга «эротикалык тасманы көбүрөөк көрүп, төшөктө өнөктөшүнөн тартынбоо керек» деп сунушташат.
ПСИХИКАГА БАЙЛАНЫШТУУ
Муздактыктын бул түрү бири-бирин жактырбай үйлөнгөн түгөйлөрдүн арасында көп кездешет. Мисалы, жигит кыздын ала качып келгени аз келгенсип, нике түндө ага одоно мамиле жасаса, жаңы келинде муздактык келип чыгат. Зордуктоого дуушар болгон айымдар да аталган түргө кирет. Себеби төшөккө мамилеси сууп, эркекти жек көрүү сезими ойгонот. Психикалык жактан муздактыкка кабылган айымдарга мырзалар жакшы мамиле жасап, ширин сөздөрдү айтып эритип, өзүнө тартуулары кажет. Төшөктө түрдүү ыкмаларды колдонуп, айымынын ою менен болсо эле убакыттын өтүшү менен баары жайына келет.
ЖАШ КУРАККА БАЙЛАНЫШТУУ
Бул муздактык айымдын организминин өнүгүүсүнө байланыштуу. Тагыраак айтканда, бул түргө жыныстык жетилүүсү кеч өнүккөн айымдар кирет. Мисалы, кээ бир айымдар 23-25 жашка чыкканда гана жыныстык жактан толук жетилет. Мына ошондуктан мындай айымга жолуккан мырза түшүнүү менен карап, төшөк кумарына батууга шашпай көндүрүп баруусу кажет.
ТУБАСА МУЗДАКТЫК
Бул топтогулар тубаса муздак болуп төрөлүшөт. Маалыматтарга караганда, төшөктө оргазм албаса да ыраазы болуп жашоо кечиришет.
Төшөктөгү муздактык бул айыкпас илдет эмес. Муздак айым болуп туруп бактылуу эне, сүйүктүү жар болуу ар бир айымдын өз колунда. Ошондуктан мындай айымдар өзүн күнөөлөп, «мен эмнеге башкачамын?» деген ойдон алыс болуусу керек.
Маалымат "Супер-Инфо" гезитинин №381 санына жарыяланган.