"Дүйнөдө биринчи жолу". Улуу Британия ыктыярдуу адамдарга жаңы коронавирус жуктурган вакцинаны сыноо программасына 44 миллион долларга жакын акча бөлөт

Улуу Британиянын өкмөтү дүйнөдө биринчи жолу ыктыярдуу адамдарга жаңы коронавирус жуктурган вакцинаны сыноо программасына 33,6 миллион фунт стерлинг (44 миллион долларга жакын) бөлөт. Бул тууралуу Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында жарыяланган билдирүүгө таянып, чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сыноолор январь айында башталат, эгерде ошол убакка чейин өз каалоосу менен катыша тургандар болсо. Ага 18 жаштан 30 жашка чейинки 90 ден соолугу таза адамдар катыша алат, буга чейин катышууга 2 миң талапкер арыз берген. Биринчи этапта адистер вирустун минималдуу дозасын COVID-19 жуктуруу ыктымалдыгы жогору адамга аныкташат. Андан кийин буга чейин коронавируска каршы ар кандай вакциналарды алган ыктыярчыларга жуктура башташат. Бул кымбатка турган клиникалык анализдер үчүн эң келечектүү дары-дармектерди аныктоого, ошондой эле вакциналардын эффективдүүлүгү жөнүндө кошумча маалыматтарды чогултууга жардам берет деп үмүттөнөбүз. Вакцина инфекцияны гана эмес, башкаларга жугуштуу ооруну жуктуруп албастыгын текшерүүгө жардам берет деп жазылат маалыматта.
Жаңы программа Лондондогу ооруканалардын биринде жүзөгө ашырылат. Узак мөөнөткө изоляцияга барууга аргасыз болгон ыктыярчылар акчалай компенсация алышат. Окумуштуулар жана дарыгерлер 2021-жылдын май айында алгачкы тестирлөөнүн жыйынтыгын алабыз деп үмүттөнүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан