Билим берүү министри кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртуу маселесин талкуулады

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз өлкөсүнүн билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов менен жолукту. Жолугушууда билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу маселелери талкууланды. Министр изилдөө жүргүзүп жаткан педагогдорду колдоо маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле эмгек акыны эсептөөнү автоматташтыруу анын эффективдүү иштешин камсыз кылып, бюджеттик каражаттарды максатсыз жумшоолорго бөгөт коё турганы белгиленди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан