Түркияда эң бат учкан көгүчкөндүн ээси Кубок менен сыйланды

Түркияда эң бат учкан көгүчкөн аныкталып, анын ээси "алтын кур" жана Кубок менен сыйланды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, Түркиянын түндүк-батышындагы Эдирне провинциясындагы көгүчкөндөрдүн салттуу мелдеши болуп өттү. Мелдешке Түркияда жана Болгариядан жалпысынан 1 миң 172 көгүчкөн катышкан.

Эрежеге ылайык, канаттуулар Болу провинциясындагы Гереде районунан коё берилип, Эдирнедеги Караагадж районуна чейин учушу керек болчу. Мында аралыктын узундугу 500 чакырым.

Канаттуулардын арасынан Юнус Ташчы аттуу Маниса шаарынын тургунунун көгүчкөнү 7 саат 20 мүнөттө учуп келип, канаттуунун ээси "алтын кур" жана Кубок менен сыйланды.

Экинчи орунда Бурсанын жашоочусу Озкан Эймендын көгүчкөнү алса, үчүнчү орунду Стамбулдун тургуна Ахмед Джавдардын кушу ээледи.

Мындан сырткары 30 көгүчкөндүн ээлери түрдүү белектер менен сыйланышканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-10-21 17:17:44
Илгерки почта!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан