АКШда ноябрь айында боло турган президенттик шайлоого карата 35 миллиондон ашуун адам мөөнөтүнөн мурда добуш берди

Ноябрь айына белгиленген АКШдагы президенттик шайлоого карата 35 миллиондон ашуун адам мөөнөтүнөн мурда добуш берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө чейин АКШда 35 миллион 540 миң 036 адам мөөнөтүнөн мурда добуш берген. Техас штаты эрте добуш берүүнүн лидери бойдон калууда (4 миллион 708 миң 734), андан кийин Калифорния штаты (3 миллион 989 миң 304), Флорида штаты (3 миллион 033 миң 702) жана Түндүк Каролина штаты (1 миллион 853 миң 540).
Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо ушул жылдын 3-ноябрында өтөт. Республикачылардан Дональд Трамп жана демократтардан Жо Байден талапкерлигин көрсөткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан