3 астронавт эл аралык космос станциясынан Жерге ийгиликтүү кайтып келди

Кечээ, 22-октябрда Эл аралык космос станциясынан Союз "МС-16" космос кемеси эки орусиялык жана бир америкалык астронавт менен Жерге кайтып келди. Кеме Казакстанга келип конду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, космонавттар 9-апрелден бери Эл аралык космос станциясында иштеп жатышкан. 6 айдан соң алар Жерге ийгиликтүү кайтып келишти.

Орусиялык космонавттар Анатолий Иванишин жана Иван Вагнер, ошондой эле америкалык астронавт Крис Кэссиди өздөрүнүн ийгиликтүү изилдөөлөрүн жүргүзүп, андан соң кайтып келишти.

"Учурда 3 астронавттын тең абалы жакшы", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан