Дүйнөдөгү эң күчтүү аскер кемеси пайдаланууга берилди

Орусияда жасалган дүйнөдөгү эң күчтүү аскер кемеси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кемеде Орусиянын мамлекеттик желеги көтөрүлүп, расмий түрдө өзөктүк флоттун курамына кирди. Ага байланыштуу өткөрүлгөн аземге Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин катышты.

"Арктика 22220" долбоору аскер кемеси категориясына кирет. Бул дүйнөдөгү эң күчтүү кемелердин катарын толуктайт. Алар - калыңдыгы 3 метрге чейинки муздарды сындырып, жол ача алуу кубатына ээ. Кеменин узундугу - 173,3 метр, туурасы - 34 метр жана суу сыйымдуулугу - 33,5 миң тонна. Дагы ушундай 5 кеме жасоо пландаштырылууда", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Арктиканы" жасоо боюнча келишим 2012-жылы түзүлүп, 37 миллиард рубль бөлүнгөн.

Кеме сыноолор учурунда 3 жуманын ичинде 4 миң 800 деңиз милин басып өтүп, Түндүк уюлга жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nazarnew
2020-10-23 09:27:18
Бизде да кеме пайда болот бекен ушундай. Кытайлардын патин түйө турган.
+8
TIMON_BERKOWITZ
2020-10-23 09:41:23
nazarnew, не нарын дарыясына айдайсынбы? Же БЧКга саласынбы?
+17
bond02
2020-10-23 10:17:07
nazarnew,тетраддын барагынан алып жасай бер, тазикке саласын.
+8
PROS
2020-10-24 11:28:39
nazarnew, Ыссык Көлгө коюп алып Кытайды аткыласа болот бирок
+3
ErjanAruuke
2020-10-26 05:51:22
nazarnew,сенинин логикан отто күчтүү иштейт экен сага профессор наамды бериш керек
0
Murzakmat2
2020-10-25 16:11:14
Кудай буюрса биздеда болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан