"Орусия Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан абалга кайдыгер карай албайт, бирок кыргыз эли өз алдынча эгемендүүлүккө ээ болуш үчүн кийлигишүүнү көздөбөйт". Мындай пикирин Орусиянын президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун 17-жыйынында сүйлөп жатып билдиргенине таянып, орус басылмалар жазып чыгышты.
"Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан окуялар кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Шайлоонун арты менен элдик толкундоо келет. Көптөгөн өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүнө жаңыдан кадам таштап жатат. Андыктан мен кесиптештериме постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууну дайыма айтып келем. Бул өлкөлөрдөгү суверендүүлүктүн калыптанып келе жаткан институттарын бузуп албаш үчүн ички иштерине кийлигишпөө керек. Эл ич ара мамилени өзү калыпка салышы зарыл. Орусия Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан абалга кайдыгер карай албайт, бирок кыргыз эли өз алдынча эгемендүүлүккө ээ болуш үчүн кийлигишүүнү көздөбөйт.
Албетте, биз санаа тартпай коё албайбыз. Бирок биз кеңеш берип же кайсы бир саясий күчкө насаатчы болгон жокпуз. Кыргыз өлкөсүндө абал тез арада турукташып, эки элдин достук мамилеси сакталып калат деп үмүт кылам", - деп билдирди Путин.
Ошондой эле ал Орусия Кыргыз өлкөсү бутуна туруп кетиши үчүн көп нерсе кылганын жана жардам берүү максатында кыргыз экономикасына жана башка тармактарына жүз миллиондогон каражаттарды бөлгөнүн кошумчалады.
"Биз бир мамлекеттин алкагында жылдар эмес, кылымдарды карытып жалпы мамлекеттин
алкагында жашап келе жатабыз. Биздин эбегейсиз зор байланышыбыз бар, экономика жаатында,
гуманитардык жаатында терең кызматташып келебиз. Биз бардыгыбыз бир тилде сүйлөйбүз. Чындыгында, биз бир маданияттагы адамдарбыз. Мен тарых жөнүндө деле сүйлөбөйм - биздин жалпы тарыхыбыз бар, нацизмди жеңген жалпы жеңишибиз бар. Биздин ата-бабаларыбыз, чоң аталарыбыз биздин өзгөчө мамилебизди өз каны менен тыгыз кылып кетишкен. Бүгүн кандай гана окуя болбосун учурда саясий кырдаал кандай өнүксө дагы, жалпы кызыкчылыктарыбыз бирдей болгон бардык мамлекеттер менен мамилелерибиз ынтымакта болот деп ишенем", - деп кошумчалады Орусия лидери.