super.kg logo

Владимир Путин Кыргыз өлкөсүндөгү абал тууралуу оюн билдирди

 

"Орусия Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан абалга кайдыгер карай албайт, бирок кыргыз эли өз алдынча эгемендүүлүккө ээ болуш үчүн кийлигишүүнү көздөбөйт". Мындай пикирин Орусиянын президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун 17-жыйынында сүйлөп жатып билдиргенине таянып, орус басылмалар жазып чыгышты.

"Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан окуялар кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Шайлоонун арты менен элдик толкундоо келет. Көптөгөн өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүнө жаңыдан кадам таштап жатат. Андыктан мен кесиптештериме постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууну дайыма айтып келем. Бул өлкөлөрдөгү суверендүүлүктүн калыптанып келе жаткан институттарын бузуп албаш үчүн ички иштерине кийлигишпөө керек. Эл ич ара мамилени өзү калыпка салышы зарыл. Орусия Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан абалга кайдыгер карай албайт, бирок кыргыз эли өз алдынча эгемендүүлүккө ээ болуш үчүн кийлигишүүнү көздөбөйт.

Албетте, биз санаа тартпай коё албайбыз. Бирок биз кеңеш берип же кайсы бир саясий күчкө насаатчы болгон жокпуз. Кыргыз өлкөсүндө абал тез арада турукташып, эки элдин достук мамилеси сакталып калат деп үмүт кылам", - деп билдирди Путин.

Ошондой эле ал Орусия Кыргыз өлкөсү бутуна туруп кетиши үчүн көп нерсе кылганын жана жардам берүү максатында кыргыз экономикасына жана башка тармактарына жүз миллиондогон каражаттарды бөлгөнүн кошумчалады.

"Биз бир мамлекеттин алкагында жылдар эмес, кылымдарды карытып жалпы мамлекеттин
алкагында жашап келе жатабыз. Биздин эбегейсиз зор байланышыбыз бар, экономика жаатында,
гуманитардык жаатында
терең кызматташып келебиз. Биз
бардыгыбыз бир тилде сүйлөйбүз. Чындыгында, биз бир маданияттагы адамдарбыз. Мен тарых жөнүндө деле сүйлөбөйм - биздин жалпы тарыхыбыз бар, нацизмди жеңген жалпы жеңишибиз бар. Биздин ата-бабаларыбыз, чоң аталарыбыз биздин өзгөчө мамилебизди өз каны менен тыгыз кылып кетишкен. Бүгүн кандай гана окуя болбосун учурда саясий кырдаал кандай өнүксө дагы, жалпы кызыкчылыктарыбыз бирдей болгон бардык мамлекеттер менен мамилелерибиз ынтымакта болот деп ишенем", - деп кошумчалады Орусия лидери.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Комментарийлер(8)
23.10.2020. 11:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
23-04-2020
Соӊку аракети:
07-11-2020 23:16
Жынысы:
Белгисиз
+11
Это уже хорошо.
23.10.2020. 17:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
17-06-2020
Соӊку аракети:
04-11-2020 21:57
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бизге жардам берип эле ататко ,Россияда кыргыздар женилдиктер коп,озбек ,тажиктерге Караганда .патент толобойбуз, регистрация ны 2жылга продления кылсак болот,Каалагпн жерге официально ишке кирсен болот!Рахмат Россияга !
23.10.2020. 18:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
229
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
26-11-2020 07:41
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орусияга кошулабыз!
23.10.2020. 19:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
392
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
30-11-2020 21:59
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ошон учун паспортторубуз сатылып атпайбы башка ошо озбек тажиктерге. Алар барып алып Кыргызстандын наамын булгап жатышат да. Ошону карап оордуна кое турган бироо бар бекен. Паспорт столдогуларды текшерип оордуна койгон.
23.10.2020. 22:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
971
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
30-11-2020 19:06
Жынысы:
Белгисиз
-3
Садага болоюн Володя жакшы айттың, кел эми алып жиберели
24.10.2020. 10:59 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
20-10-2020
Соӊку аракети:
30-11-2020 16:50
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашасын Кыргызстан.
25.10.2020. 01:00 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
25-10-2020 01:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
В.Путинге ыраазы эле болуш керек,башка соз жок.
25.10.2020. 15:20 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
29-09-2020
Соӊку аракети:
29-11-2020 21:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы Россия женилдиктерди Берген бизге Рахмат айтыш керек
Nurtoruk түзөттү 2020-10-25 16:13:03
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156034;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: