Кытайдын жашоочусу Рен Кейюнун бою 14 жаш курагында 221 сантиметрге жетти, бирок боюнун өскөнү дагы да токтой элек. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал "Гиннесстин рекорддор китебине" катталып, "дүйнөдөгү эң узун өспүрүм" наамын алуу үчүн арыз берген.
"Өзүнүн айтымына караганда, мындай артыкчылыкка генетика себепкер. Туугандарынын баарынын бою узун, бала кезинде курдаштарынан кыйла эле узун болгон. Дарыгерлер анын ден соолугун бир нече ирет текшерип, эч кандай оору тапкан эмес. Ал үчкө чыкканда 160 сантиметр, ал эми 11 жашында 206 сантиметр болгон", - деп жазылат маалыматта.
Рен тез өсүп бара жаткандыктан, мектепте отурган партасы менен формасын жыл сайын алмаштырууга туура келет.