Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Руслан Казакбаев Сергей Лавров менен жолугуу астында КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы, аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен кезиккен.
Буга чейин кээ бир ЖМКлар өздүк булактарына таянуу менен Сергей Лавров Казакбаевди кабыл алган жок деген маалымат тараткан.
Эске салсак, Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кечээ, 22-октябрда Москва шаарына иш сапары менен учуп барган. Анда министр Орусиянын бир катар дипломаттары жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу күтүлүп жатканы маалымдалган.