"Спирт ичимдиктеринен биротоло баш тартам". Актёр Михаил Ефремовдун жаза өтөө мөөнөтү кыскартылды

Орусиялык белгилүү актёр, режиссёр жана теле алпаруучу Михаил Ефремовго кылмыш иши козголуп, сот аны 8 жылга эркинен ажыраткан. Москва шаардык соту актёрдун жактоочусунун апелляциялык арызын карап, Ефремовдун жаза өтөө мөөнөтүн жарым жылга кыскартты.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, соттун жаңы чечими боюнча, Михаил Ефремов 7 жарым жылга эркинен ажыратылды. Ал изолятордон жалпы колонияга которулат.

Соттук отурумда актёр күнөөсүн моюнуна алып, маркумдун жакындарынан кечирим сураган. Ал акыркы сөзүндө спирт ичимдиктеринен биротоло баш тартууга убада берген.

"Аянычтуу окуяга кептегени үчүн ичкиликтен биротоло баш тартып, рулга отурбайм. Урматтуу сот, мага эркиндигимден ажыратуу жазасынан башка жаза бериңиз. Ошондо гана мен жабырлануучунун жакындарына жардам берип, талкаланган унааны төлөп бере алам. Мындан тышкары каза болгон жаранга эстелик тургузуу ниетим бар", - деген ал.

Ал эми жабырлануучу тарап Москва шаардык сотунун жаңы чечимин адилетсиз деп баалап жатканы айтылат маалыматта.

Эске салсак, 8-июнда Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан кичи жүк ташуучу Lada унаасы менен сүзүшкөн. Lada унаасынын айдоочусу ооруканадан каза болгондугу кабарланган. Кийинчерээк ал күнөөсүн моюнуна алганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Almazhhhh
2020-10-23 20:30:55
Не пейте вашу мать,когда садитесь за руль,вы становитесь преступниками!!!
0
kg627
2020-10-23 21:29:31
Эми кеч болуп калды. Ичсен ичпесен Михаил мырза
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан