Орусияда бир суткада 296 жаран коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусияда коронавирустан жалпы саны 25 миң 821ге жетти. Өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирус илдети 1 миллион 497 миң 167 адамдан аныкталган. Алардын 1 миллион 130 миң 818и айыгып чыккан.