Бүгүн, 25-октябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 42 миллион 532 миң 198 болду. Анын ичинен 28 миллион 697 миң 349 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 148 миң 943 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 8 миллион 571 миң 943 адамдан коронавирус аныкталды. 224 миң 771 адам каза болсо, 3 миллион 406 миң 656 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 7 миллион 814 миң 682 адамдан аныкталды. 117 миң 956 адам каза болсо, 7 миллион 16 миң 46 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 380 миң 635 адам вируска кабылган. 156 миң 903 бейтап көз жумса, 4 миллион 526 миң 393 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.