Коңшу Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 110 миң 402ге жетти. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бир суткада 152 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Ал эми бул оорудан өткөн суткада 52 бейтап сакайып чыкты. Бул оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 105 миң 618ди түзөт.
Бүгүн, 25-октябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 42 миллион 532 миң 198 болду.