Бүгүн, 26-октябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 42 миллион 923 миң 311 болду. Анын ичинен 28 миллион 898 миң 316 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 152 миң 978 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 8 миллион 633 миң 194 адамдан коронавирус аныкталды. 225 миң 215 адам каза болсо, 3 миллион 422 миң 878 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 7 миллион 78 миң 123 адамдан аныкталды. 118 миң 534 адам каза болсо, 7 миллион 16 миң 46 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 380 миң 635 адам вируска кабылган. 156 миң 903 бейтап көз жумса, 4 миллион 526 миң 393 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.