"Жылуулук жок, айлыктары эң аз...". Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги шарттар тууралуу эмнелерди айтты? (видео)

Айыл чарба министри болуп жаңыдан шайланган Тилек Токтогазиев түз эфирге чыгып, алдыда жасай турган 100 күндүк планы менен кыскача тааныштырды.

Анда Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги систем Советтер Союзу убагындагыдай калып калганын жана министрлик өзгөрүүгө муктаж экенин айткан.

"Айыл чарба жаатына байланыштуу туура эмес мыйзамдар бар экен. Биз аларды өзгөртүп, ички өндүрүүчүлөр үчүн жакшы шарттарды түзүп берели деп жатабыз. Айыл чарба министрлиги жөнүндө айта кетсек, бул жакта систем Советтер Союзу бойдон калыптыр. Кыскасы, министрлик жаңыланууну талап кылгандай абалга жетиптир. Биз бул жакта кыска убакытта өзгөрүүлөрдү жасаганга бардык күчүбүздү жумшайбыз. Адистерибизге, кызматкерлерге шарттарды түзүп бергенге аракет кылабыз. Себеби башка министрликтерге салыштырмалуу айыл чарба министрлигиндеги айлык эң эле аз экенин көрдүм. Мисалы Экономика министрлигине салыштырмалуу бул жактагы айлык эки эсеге аз экен. Ошондой эле иштөө шарттары начар. Ушунун баарын аз-аздан калыбына келтиребиз. Мындан тышкары документ жүргүзүүнү кагаз жүзүндө эмес, электрондук форматка өткөрөбүз. Бул учурда министрлик жүргүзүп жаткан бардык процесстер тезирээк жүрөт деп ойлойм. Кыскасы, жасала турган жумуш көп. Айыл чарба министрлигинде 888 адам иштейт экен. Мен 100 күндүк планды түздүм. 100 күндүн ичинде көп өзгөрүүлөргө күбө болосуздар. Биз менен кызматташабыз, иштейбиз дегендер кайрылгыла. Айыл чарба министрлигинде ири реформаларды жасоого даярбыз", - деген Токтогазиев.

Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев: “Министрликте жылуулук жок, айлыктары эң аз...“.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2020-10-26 11:09:38
Башына таш тийгени учун министр болуп отуруп калды э, биринчи айыл чарба министрлигинде катардагы кызматкерден баштап акырындык менен которсо болбойт беле, такшалганда.
0
modem4999
2020-10-26 11:53:27
bond02,коросун ушул бала ондойт кыргызстанды.
+2
Neizvestno777
2020-10-26 12:09:28
bond02,Бул Шаолинь кыйын ,бул коптогон нерселерди ойлоп тапкан айыл чарба боюнча ,карап турсанар ушул озгоруу алып келет,окшобой калса ырдап койчу да деп турат
0
Alia82
2020-10-26 12:15:03
Майли эми Шаулин, ишине ийгилик, чындап жакшы иштерди жасасан жаман жерден айрылып калган койногун бутолуп, элдин ишенимине кирип эле тим болбостон суймончук министир болосун!
0
TIMON_BERKOWITZ
2020-10-26 12:27:21
Жаны идеялар бар, кайга кайрылабыз? Барсан эле охранниктер замдарына же бир жетекчилерине жонотуп коет, алар толком карашпайт да.
0
Rusi79
2020-10-26 13:16:28
Соз бул тилдин учу, иш менен далилде иничек. Ийгилик каалайм сага,билип койгула баардык аткамингендер чоон жук бар мойнунарда эл карап турат.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан