Беларустагы митингде уюштуруучулардын ичинен 120 адам кармалды

Беларустун Минск шаарындагы өтүп жаткан митингде активдүү уюштуруучулардын ичинен 120 адам кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
"Ички иштер органдары митингдин активдүү уюштуруучуларынын ичинен 120 адамды кармашты. Алар Борбордук ички иштер башкармалыгына кол салышкан", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле нааразычылык акциясына чыккандар ИИМдин кызматтык унааларына таш ыргытышкан. Күч органдары тарабынан шаар көзөмөлгө алынганы айтылат маалыматта.
Эске салсак, Беларуста 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан. Мындан ал массалык акцияга айланып кеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан