Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына кайтып келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэрдин кеңешчиси Гуля Алманбетова билдирди.
"Бизде мыйзам менен бекитилген мэрдин милдетин аткаруучу адам бар, ал Нариман Түлеев", - деп билдиришти муниципалитеттен.
"Түлеевди "Борбордун статусу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27 жана 21-беренелеринин 5 жана1-бөлүктөрүнүн негизинде, мурдагы мэр Азиз Суракматов дайындап кеткен. Өз кезегинде Азиз Суракматовдун отставкасын президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров 21-октябрда кабыл алган. Жогоруда айтылган мыйзамга ылайык, шаар мэринин мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган учурунда, мэрдин милдеттери Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлөт. Бардык жасалып жаткан иштер мыйзам чегинде гана болушу керек.
Биз расмий түрдө шаардык кеңештин "КСДП", "Өнүгүү Прогресс", "Республика-Ата-Журт" фракциялары өздөрүн шайлап жаткан мэрлердин биринин дагы кандидаттыгын колдоого алган эместигин билдиргибиз келет. Де-юре жана де-факто түрүндө Нариман Түлеев биринчи вице-мэр катары калууда.
Урматтуу шардыктар, борбор калаада эпидемиологиялык абал оорлошуп бара жатат. Ал эми шаардык кеңештин азыркы курамы мэрди шайлай албайт. Ал үчүн шаардык кеңеш кайрадан шайланышы керек.
2020-жыл аяктап бара жатат, кийинки жылга бюджеттин планын түзүш керек. Азыр саясат жана жеке кызыкчылыкты унутуп иштеш керек. Борбор калаага туруктуулук керек. Бирок кызматты күч менен ээлеп алуу аракеттери дагы деле жүрүп жатат.
Шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын апрель айына белгиленди", - деп айтылат маалыматта.