Кыргыз-Тажик чек арасындагы кезектеги жаңжал боюнча Тажикстандын УКМКсы комментарий берди

Кечээ, 25-октябрда Кыргыз-Тажик чек арасында асманга ок атылган. Бүгүн, 26-октябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети комментарий берди. Окуя тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.

"Ушул жылдын 25-октябрында болжол менен саат 15:30 чамасында Исфара районунун Ходжай Ало айылынын тургундары эскилиги жеткен түтүктөрдү алмаштырып жаткан убакта 25-30 чакты куралдуу кыргыз чек арачылары айылга келип, иштеген жери талаштуу аймак экендигин билдиришкен жана жашоочулардан ишти токтотууну талап кылып, асманга ок чыгарышкан. Бактыга жараша, окуядан эч ким жабыр тарткан жок", - деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул жер тилкеси Тажикстандын аймагына тиешелүү болуп, кыргыз чек арачыларынын кезектеги провокациясы эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаалды татаалдаштырууга багытталганын айтышкан.

Учурда жаңжал болгон жерде иш убактылуу токтотулуп, эки өлкөнүн мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aidankajumabek
2020-10-26 15:28:15
Кайра эле кыргыздар айыптуу болуп калдыбы ошондо
+5
Aidankajumabek
2020-10-26 15:28:59
Кандай болсо да жабырлануучу карапайым Эл болуп калбасынчы
+3
Arzybekkg
2020-10-26 15:40:44
Эгер ошол жер тажиктерге караштуу болгондо тажиктин солдаттары кырзыздарга биринчи болуп ок чынармак
+5
futboler
2020-10-26 16:25:34
Өлсө да тан албайт булар, карганып тура берет.
+3
Kubatbek1974
2020-10-26 17:39:38
Тажиктин жери болгондо кыргыздарды жакын барса атмак биздин бийлик эмне дейт эми мыйзам чегинде чечебиз дейтда мыйзам деп олтургуча алар там салып койушат
+1
jalgyzymsyn
2020-10-27 08:34:52
Kubatbek1974,ал жер тажиктердики. Биздикилер саткан
+1
Nurtoruk
2020-10-27 09:30:23
кана жаны бийлик эмне дейт экен
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан