Мэрлик кызмат кызуу талашка түштү. Өзүн шаар башчылыгына сунуштагандар кимдер?

Бишкек шаарынын мэри кызматын талашуу дагы деле уланып жатат. Бүгүн, 26-октябрда мэрия имаратынын алдына кайрадан эл чогулду. Алар бүгүн мэрдин милдетин аткарып жатканы жарыяланган Нариман Түлеевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Биз күбө болгондой, нааразычылык акциясына 100гө чукул адам катышты. Айтор, бийлик алмашып, жаңы өкмөт кызматка киришкенден бери мэрлик кызмат кызуу талашка түштү. Аталган кызматка өзүн сунуштагандар көп.

Бүгүн, 26-октябрда Аскат Осмонов аттуу жарандын өзүн мэрлик кызматка сунуштап, президенттин милдетин аткаруучу жана учурдагы өкмөт башчы Садыр Жапаповго кайрылуу жасаган видеосу жарыяланды. Анда ал өзүн кызматка сунуштап, “кетиргенди билебиз, эми келтиргенди үйрөнөлү, Садыр Жапаров мага кызмат берем деп айткан" деген сөздөрдү айтып, кайрылуу жолдоду.

Анын кайрылуусу азыркы тапта социалдык тармактардын колдонуучуларынын кызуу кебине алынып, атүгүл кыжырдануусун да жаратууда.

“Сиз өкмөткө келгенде, координациялык кеңеш болуп сизди тосуп алдым. Ошондо кандай жумуш болсо, айта бер деп айттыңыз. Суракматовго окшоп мен деле куруучумун, курулуш тармагында жетекчи болуп мен деле иштегем. Бирок мен аларга окшоп жулкунуп эшигиңизди сагалабадым, кайра-кайра тынчыңызды алган жокмун.

Болгону сизди туура чечим кылат деп күткөнбүз. Мен жумуш сурабайм, эгер кадр маселесинде кризис болуп жатса даярмын. Суракматовдун ордуна мени деле коюп койсоңуз, мен жакшы иштеп берем. Биз өзүбүздү өзүбүз сунуштабасак, анда бизди эч ким чакырбайт экен. Кыргыз эли кетиргенди үйрөндү, эми биз келтиргенди да үйрөнөлү”, - деген Осмонов өкмөт башчыга кайрылуусунда.

Буга чейин “Мекенчил” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Төрөхан Жунусбеков да өзүн мэрлик кызматка татыктуумун деп сунуштаган.

Мыйзам боюнча, мэрди Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары шайлашы керек. Шаардык кеӊештин депутаттарынын депутаттык мөөнөтү келерки жылдын 21-апрелинде бүтөт.

Айтор, тажрыйбасы бары да, жогу да шаар башкарууну оңой көрүп, кызмат үчүн эт-бетинен кетип жатышкан учур.

Бул тууралуу шаар мэриясы да өз позициясын билдирди. Мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова бүгүн нааразычылык акциясына чыккандарды шаар мэри кызматына өзүн көрсөткөндөрдүн тарапташтары деп эсптейт. Айтымында, мыйзам менен бекитилген мэрдин милдетин аткаруучу адам азыр Нариман Түлеев.

“Шаар мэри мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган учурунда, мэрдин милдеттери биринчи вице-мэрге жүктөлөт. Бардык жасалып жаткан иштер мыйзам чегинде гана болушу керек.
Азыркы учурда биринчи вице-мэр Түлеев мыйзам боюнча автоматтык түрдө мэрдин милдетин аткаруучу болуп саналат. Ошондуктан бул кызматы мыйзам жолунда. Борбор калаага туруктуулук керек. Бирок кызматты күч менен ээлеп алуу аракеттери дагы деле жүрүп жатат",
- деди Алмамбетова.

Нариман Түлеевди Азиз Суракматов 21-октябрда вице-мэр катары тааныштырган.
Ал эми Түлеев 22-октябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруудан баш тарткан. Ал муну президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен бирге кабыл алганын билдирген.
Ал мэрлик креслонун айланасында ар кандай топтордун толкуну күчөп бараткандан улам бул кызматты таштоого мажбур болгонун да белгилеп өткөн.
Ал эми бүгүн, 26-октябрда ал кайра кызматына кайтып келгени маалымдалды.
Мурунку калаа башчысы Азиз Суракматов 6-октябрда кызматтан кеткен.
Ал кеткен үч күндүн ичинде борбор калаада үч лидер алмашканы маалымдалган. 7-октябрда биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
6-октябрда Жоошбек Коёналиев өзүн мэр деп жарыялаган. Ал тургай Коёналиев кызматка киришпей жатып, Ак Үйдүн айланасындагы тосмону бузууга буйрук чыгарган. Өзүн элдик мэр атаган Жоошбек Коёналиев шаардык муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен чогулуш өткөрүүгө да жетишкен. Ага карабай, ал имараттан куулуп чыгарылган болчу.
Ал эми 8-октябрда Азиз Суракматов иш ордуна кайтып келген.
Эскерте кетсек, Түлеев Бишкек шаарын 2008-2010-жылдары башкарган. Кийин коррупция үчүн айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган.
2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда абактан бошогон. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү камакка алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан