Казакстанда караокеге барып, карантин эрежесин бузгандар полициядан качып экинчи кабаттан секирди (видео)

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында карантин эрежесин бузгандар полиция кызматкерлеринен качып, караоке бардын экинчи кабатынан секирген. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, окуянын чоо-жайын казак басылмалары жазып чыгышты.

"Кайгуулда жүргөн полиция кызматкерлери SOVA аталышындагы караоке-бардын алдынан топтолгон кишилерди байкаган. Жакындап келген тартип сакчыларын көргөндөр имараттын ичине кире качкан. Администратор менен кардарлар карматпоонун айласын кылып экинчи кабаттан секирген. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес", - деп жазылат маалыматта.

Нур-Султан шаарынын полиция департаменти топтолгон материал тиешелүү жактарга берилерин жана аталган жай карантин талабын буга чейин бир нече ирет бузганын билдирген.

Белгилей кетсек, Казакстандын бир катар шаарларында эпидемиологиялык абалдан улам көңүл ачуучу жайлардын иштешине тыюу салынган.



Казакстанда караокеге барып, карантин эрежесин бузгандар полициядан качып экинчи кабаттан секирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан