
Дүйнөдөгү эң кары адам Түркмөнстанда жашайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Түркмөнстандын 1900-жылы туулган тургуну Ажапсолтан Хаджиева быйыл 120 жашын белгиледи. Ал Түркмөнстандын Марыйск административдик борборунда туулган. Жаш кезинде дыйканчылык, токуучулук, мал багуу менен алектенген. Айылдаштарынын арасында ар дайым чоң кадыр-баркка ээ болгон. Күйөөсү оорудан улам эрте эле көз жумган. Учурда Ажапсолтан Хаджиеванын 12 небереси, 67 чөбөрөсү жана 32 кыбырасы бар. Ал эми уулу учурда 86 жашта.
Белгилей кетсек, буга чейин Япониянын 117 жаштагы Канэ Танака аттуу жашоочусу "Гиннесстин рекорддор китебине" 2019-жылдын 9-мартында эркектердин жана аялдардын арасынан дүйнө жүзүндөгү эң улуу жашоочусу катары кирген.