Орусиянын Санкт-Петербург шаарында таксист болуп иштеген Кыргыз жаранын сабап, өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин шаар жана облус боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып, жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 26-октябрга караган түнү жергиликтүү тургундар Новочеркасский проспектисинде жайгашкан ресторандын унаа токтоочу жайында бир адамды катуу сабап, андан кийин кол салган адам такси компаниясынын логотиби түшүрүлгөн унаага аны салып, айдап кеткендигин көрүшкөн.
Окуянын күбөлөрү дароо полиция кызматына кабарлап, кийинчерээк унаа полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Унаадан 31 жаштагы эркек, 35 жаштагы аял киши кармалган. Кармалган унааны текшерүүгө алганда жүк салуучу бөлүгүнөн сабалган адамдын жансыз денеси табылган. Маркумдун айдоочулук күбөлүгү 35 жаштагы Кыргыз жаранынын атына жазылган. Кийинчерээк анын таксист болуп иштеп жүргөндүгү белгилүү болду.
Шектүүлөр дароо полиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.