УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы кызматынын 28 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн, 26-октябрда белгиленип, бир катар кызматкерлер сыйлыктар менен сыйланышкан.
"Атайын даярдыктагы жоокерлер, аскердик техникалар, куралдар жана ар кандай антитеррордук операцияларда колдонулуучу атайын каражаттардын күжүрмөн даярдыгы көрсөтүлдү. Ошондой эле иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты", - деп жазылат маалыматта.
"Альфа" атайын багыттагы кызматы 1992-жылы негизделген.