Бүгүн, 26-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ге которулуп, ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
"Алмазбек Атамбаев СИЗО-1 дин жер төлөсүндөгү камерага отуругузуптур. Ал жерде эч кандай шарт жок, канализациясы иштебейт экен. Бул камераларга өмүр бою эркинен ажыратылгандарды кармачу экен. Мындан улам Атамбаев буга нааразычылыгын билдирип, ачкачылык жарыялады", - деп билдирди Жоошев.