Социалдык тармактарда Минсктеги митингде күч органдарына карматпай качып кеткен кыздын видеосу тарады. Видеодон кыз болжолдуу 3-4 күч органдарына баш бербей, чуркаган бойдон качып кеткендигин көрүүгө болот.
Бул видео интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынууда. Кээ бир интернет колдонуучулар видеонун алдына "Азаматсың!", "Эркин беларусь", Талантуу экен" деген өңдүү пикирлерин калтырышкан.