Окумуштуулар аспирин коронавирус менен күрөшүүгө жардам берерин айтып чыгышты

АКШдагы Мэриленд университетинин окумуштуулары аспириндин өлүмдү азайтууда жана COVID-19 менен ооруган бейтаптардын арасындагы оор белгилерди башкарууда пайдалуу экендигин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, изилдөөгө коронавирус илдетинин ар кандай оор белгилери менен ооруканага жаткырылган 412 бейтап катышкан. Анын ичинен 314 адам аспирин ичкен эмес, калган 98 адам дене табын түшүргөндөн кийин 24 сааттын ичинде же ооруканага жаткырылганга чейин 7 күндүн ичинде дене табын түшүрүүчү дары ичишкен. Изилдөөчүлөр аспириндин механикалык вентиляцияга, жандандыруу бөлүмүнө жаткырууга жана өлүмгө кандайча таасир эткенин талдап чыгышты. Аспирин колдонгон бейтаптардын тобунда, дары ичпегендердин 48,4 пайызына салыштырмалуу 35,7 пайызы механикалык вентиляцияга муктаж экен. Ошондой эле аспирин интенсивдүү жардамга муктаж болуу тобокелдигин 12,2 пайызга азайтары аныкталган.
Ошентсе да окумуштуулар COVID-19 менен ооруган адамдарда аспириндин колдонулушу менен өпкөнүн жабыркашы жана өлүмүнүн ортосунда себептик байланышты орнотуу үчүн рандомизацияланган көзөмөлгө алынган сыноо керек экендигин баса белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2020-10-27 01:47:01
Аспириндин баасы жер чапчыйт го эми бизде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан