Армениянын премьер-министринин жубайы Карабахты коргоо үчүн чек арага барарын билдирди

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жубайы Анна Акопян аскердик даярдыктан өтүп, Карабахтагы чек араны коргоо үчүн барарын билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

"Эртеңден баштап жалпы саны 13тү түзгөн айымдардын отряды (алардын арасында мен дагы бармын) аскердик даярдыктарды баштайбыз" деп жазган Акопян Фейсбуктагы баракчасына.

Ошондой эле ал Карабахка бир канча күндөн кийин барарын айткан. Мындан сырткары "душмандарга өлкөбүздү бошотуп бере албайбыз" деп кошумчалаган.

Эске салсак, 9-октябрда Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Орусиянын президентинин чакыруусу менен Москвага келип, 10 сааттан ашуун сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында, 10-октябрь күнү түштөн кийин тараптар Карабахтагы ок атууну токтотууга, туткундарды жана каза болгон жарандардын сөөктөрүн алмашууга, ошондой эле элдешүүнүн конкреттүү деталдары боюнча макулдашкан. Бирок ишемби күнү тараптар ок атышпоо келишимин бузду деп бири-бирин айыптай башташкан.

Армения-Азербайжан кагылышуусу 27-сентябрда башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2020-10-27 13:33:08
Азерлер барымтага алып анан...
+8
Duishonkalbekov
2020-10-27 18:29:33
bond02,анан башталат.
+1
D.iamond
2020-10-27 14:57:25
Азерлер даярдыкты жакшылап корушу керек экен бул олжо учун.
+7
Alia82
2020-10-27 15:20:11
Бу армияндар деле опкосу жок немелер экен го
+3
KUTUZ87
2020-10-27 17:30:05
Жон эле уйдо куйоондун жакасын агартып олтурбадында азерлер кармап алып жаканды канга бойоп койо электе
0
KaGaH
2020-10-27 18:47:49
Азерлер жеңип атат карабакта, түрктөрдүн беспилотниктери эле көп нерсени чечип салды,армяндар качарга жер таппай жатат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан