Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Балбак Түлөбаев мэрдин эки орун басарын жумушунан бошотту. Маалыматты мэриядан тастыкташты.
"Балбак Зарлыкович социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева жана жашоо турак жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Алымбек Абдылбаевди жумуштан бошотту", - дешти муниципалитеттен.
Эске салсак, Балбак Түлөбаевди бүгүн эртең менен өкмөттүн аппарат башчысы Бактыбек Аманбаев мэриянын жамаатына тааныштырган. Түлөбаев өкмөт башчы Садыр Жапаровдун буйругунун негизинде дайындалды.