Жигит мотоциклден кулап, ага жардамга келген сүйүктүүсүнүн колун сурады

Социалдык тармактарда биринчи жолу мотоцикл жарышына катышып жаткан жигит мотоциклден кулап, ага жардамга келген сүйүктүүсүнө үйлөнүү тууралуу сунуш киргизген видеосу тарады.

Анда көрүнгөндөй, мотоцикл жарышына катышып жаткан жигит кокустан жарыш жолдон чыгып, мотоциклден кулап түшөт. Андан соң бутун кармап жерде отурганда, көрүүчүлөр тараптан ага жардам берүүгө бир адам чуркап келет. Кийин анын артынан жардам берүүгө келген сүйүктүүсүнө жигит чөнтөгүнөн шакек алып чыгып, күтүүсүз үйлөнүү тууралуу сунуш киргизгенин көрүүгө болот. Ошондой эле бул атайын уюштурулганы айтылган.

Бул видео интернет колдонуучуларынын көңүлүн өзүнө бурду. Колдонуучулар видеонун алдына "кооптуу болду, бирок азамат", "романтикалуу" деген өңдүү билдирүүлөрүн калтырышкан.

Жигит мотоциклдан кулап, жаракат алып олтурганда сүйлөшкөн кызына күтүүсүз сунуш киргизди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aiturgan9795
2020-10-28 09:19:02
Тообо
+1
nazira...
2020-10-28 15:44:21
Орус оюндагысын кылат да, боло берет буларга.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан