
Орусияда карантиндик чаралар күчөтүлөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери жарандарга эл көп топтолгон жерлерде, коомдук транспортто, таксилерде жана лифттерде бет кап тагынып жүрүүгө буйрук берди. Тиешелүү буйрук 28-октябрда күчүнө кирет.