Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусия каржылоону токтоткон эмес деген пикирин билдирди.
"Маалымат жыйында баарыңыздар уккандай, менин кесиптешим Сергей Лавров каржылоодо эч кандай токтотуу болбогондугун айтып өттү. Жакынкы убакта биздин биринчи премьер-министр Москвага барып, эки тараптуу, көп тармактуу жолугушууларды өткөрөт. Менимче, ошондо алар Кыргыз өлкөсүнө насыя берүүнүн жол-жоболору тууралуу талкуулашат деп ойлойм. Орусия тарап Кыргыз өлкөсүндөгү жакынкы убакта боло турган парламенттик, президенттик шайлоо, конституциялык реформаларга кам санап жатат", - деди тышкы иштер министри.