Депутат вице-премьерликке талапкерге: "5-октябрда болгон окуя боюнча жоопкерчиликти сезип жатасызбы?"

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда депутат Бактыбек Турусбеков вице-премьер-министрликке талапкер Эльвира Сурабалдиевага "5-6-октябрдагы окуялар боюнча жоопкерчилик сезип жатасызбы? Жогорку Кеңештин имараты талкаланды" деген суроо берди.

Сурабалдиева: "Шайлоо мыйзам бузуу менен өттү деп эл аянтка чыкты. Алардын арасында мен да болдум. Кечинде оппозициялык тараптын талабы аткарылган жок. 1 жарым миң адам жарадар болду. Жоопкерчиликти сезип, элден кечирим сурадым", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан