Интернетте эмне кеп? Жапаровду издеген Жапаров, маанай көтөрө бийлеген "Тазалыктын" кызматкери, жетекчи болуп дайындалган Алмаз Мамбетовдун мурдагы "кылыктары"

Дүйнө жүзүнө кулачын кенен жайган социалдык тармактар ар бирибизди өлкөдө, дегеле дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктар менен бизди кабардар кылып турат.

Интернет колдонуучулары болуп жаткан ар бир окуяга өз ойлорун, пикирлерин айтып, жарандык көз карашын билдиришет. Кыргыз өлкөсүнүн интернет колдонуучулары көп талкуулаган албетте бул - саясат.

Азыркы тапта талкууланып, ар кандай пикирлер айтылып жаткан социалдык тармактагы жаңылыктар топтомун сиздерге тартуулайбыз.

1. Интернет колдонуучулар Садыр Жапаровдун телеканалдардын бирине берген интервьюсуна таянып, Акылбек Жапаровду "издеп" башташты эле, ал бүгүн "жарк" этип Жогорку Кеңештин жыйынында чыга келди. Ал сыркоолоп калганын билдирди.

2. Социалдык тармактын колдонуучулары президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган Алмаз Мамбетовду кыя өтүшкөн жок. Алар Мамбетов делген сүрөттү жана сөгүндү делген аудиосун бир эскерип, талкуулап өтүштү.
Ал эми бир аз да болсо бизди кубандырган нерсе бул Бишкекке келип кеткен белгилүү блогер Илья Варламовдун күйөрмандарынын суроосуна жооп берип жатып, Кыргыз өлкөсүн Япония жана башка өлкөлөрдүн катарында жакшы өлкө деп эсептей турганы. Варламов Бишкекке келген учурда эрежени сактабаган айдоочуларды, абалына мышык ыйлаарлык болгон тротуарларды сындап кеткени белгилүү.
Кар жаайбы, революция болобу эч бир учурда өзүнүн ишин үзгүлтүккө учуратпай, дайыма элдин алкышына татып келе жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкеринин видеосу таң эрте маанай көтөрдү.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан