Садыр Жапаров Эльвира Сурабалдиеваны вице-премьер-министр кызматына бекитти

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Эльвира Сурабалдиеваны вице-премьер-министр кызмат ордуна дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацынын негизинде Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалган.

Бүгүн, 28-октябрда Эльвира Сурабалдиеванын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары бир добуштан колдошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан