Филиппинде мыйзамсыз "короздорду согуштуруу" кумар оюнун уюштурган жерди тинтүүгө алуу учурда полиция кызматкерлеринин бири короздун чабуулунан каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Филиппиндин Түндүк Самар провинциясында 26-октябрда полиция кызматкери Кристиан Болок мыйзамсыз короз уруштары болуп жаткан жерди тинтүүгө алуу учурда бутуна лезвие байланган короз лейтенанттын сол бутуна тээп, анын сан артериясын жабыркаткан. Жабырлануучу көп кан жоготкондуктан ооруканада каза болгон.
Короз урушу - Филиппин элинин арасында кеңири тараган кумар оюну. Катышуучулар курч темир шпор менен
куралданган атайын даярдалган эки корозду согуштуруп акча табышат.