Эне сүтү - бул жөнөкөй гана азык эмес, таза-стерилдүү, балага ылайык температурада, анда наристеге керектүү болгон бүт заттар, витаминдер, минералдык туздар, гормондор, ферменттер, иммундук жыйнактар камтылган жана булар наристенин организмине күч келтирбей оңой аш болот. Ошону менен бирге анда наристенин баш мээсинин, көзүнүн, кан тамырларынын жетилиши үчүн зарыл болгон бөтөнчө май кислоталар бар. Эне сүтүндө:
1. Микробдорду өлтүрө турган тирүү ак кан бөлүкчөлөрү (лейкоциттер);
2. Энеси баштан кечире турган оорулардан коргой турган антителолор;
3. Ичеги-карын ооруларын чакыруучу микробдордон коргой турган микрофлоранын өсүшүнө өбөлгө түзүүчү бифидус-фактор бар.
Эне сүтү наристелерди төмөнкү оорулардан сактайт:
Ошондой эле аллергиялар, астма, аз кандуулук, кант диабети, тиштин туура эмес өсүүсү, көздүн начар көрүүсүнөн ж.б. оорулардан сактайт. Ал эми эмчек эмизүү аялдардын ден соолугун чыңап, төмөнкү оорулардын алдын алат:
· аз кандуулук;
· эмчектин башталгыч рак оорусу;
· энелик урук бездеринин рак оорусу;
· карыганда сөөк ооруларын (жумшаруу, морттук).