Түркиянын өкмөтү туристтер үчүн эшигин толугу менен жабышы ыктымал. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай кадам коронавирус жуктургандардын көбөйүп жатышы менен байланыштуу.
"Түркия бийлиги саякаттап жүргөндөргө өзүнчө, жергиликтүү жашоочуларга өзүнчө жаңы чараларды иштеп чыга баштады. Алар ноябрь жана декабрь айларында киргизилет. Чектөөлөр биринчи кезекте ири туристтик борборлорго жана Стамбул шаарларына тиешелүү болмокчу", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле адам көп чогулган массалык иш-чараларды да чектеп, дем алыш күндөрү комендаттык саат киргизүү пландалууда.