“Министрдин кызынын махабаты” тасмасында Зинанын ролу менен таанылган актриса Роза Азимбаева "жолдошу менен ажырашып кетти" деген сөздөр тарады. Айтылып жаткан кептер боюнча актрисага байланышканыбызда, ал маалыматты тастыктап, кыскача буларга токтолду.
"Жолдошум экөөбүздүн максатыбыз, тилегибиз, аракетибиз бир болгон жок. Экөөбүз эки башка адам болуп чыктык. Июль айында эки башка жолго түшкөнбүз", - деди ал.
Роза Азимбаева 2020-жылы 3-январь күнү аранжировкачы Алтынбек Нажимидиновго турмушка чыгып, түгөйлөрдүн үлпөт тою 20-январда Баткенде орун алган.