Пакистан Кыргыз өлкөсүндөгү медициналык окуу жайлардын бардыгын кара тизмеге киргизди жана аталган өлкө өз жарандарына Кыргыз өлкөсүнө барып окуусун сунуш кылбайт.
Маалыматка ылайык, кара тизмеге киргизилгендин себеби, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү болгон пакистандыктардын 90 пайызы Пакистан медициналык кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө алышпайт жана алардын диплому Пакистан Ислам Республикасында таанылбайт.
Бул көйгөйлөрдөн улам бүгүн, 29-октябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медицина тармагындагы адистерди даярдоочу ЖОЖдордун ректорлору менен жолугушуу өткөргөн.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Министрлик жаралган кырдаалды Кыргыз өлкөсүнүн жана чет өлкөлүк жарандардын даярдыгынын төмөн сапаты менен байланыштырат. Ошондой эле медицина тармагында чет өлкөлүк студенттерди сапаттуу даярдоо ЖОЖдордун кызыкчылы болгонуна карабай, алардын көпчүлүгүнүн эл аралык аккредитациядан өтпөгөнү белгиленди.
Жаралган кырдаал Кыргыз өлкөсүндөгү инвестициялык климатка, аны менен катар билим экспортуна терс таасирин тийгизгендиктен, мындан ары министрлик тарабынан ЖОЖдордун ишмердүүлүгүнө, өзгөчө медициналык ЖОЖдорго болгон лицензиялык көзөмөл күчөтүлөт.
Муну менен катар жалпы көрсөткүчтү көтөрүү максатында министрликтин жетекчилиги пакистандык студенттерге болгон кабыл алуу талаптарын катаалдаштырууга чакырды.
Ошондой эле билим берүү жана илим министри бир катар тапшырмаларды берди: