Бүгүн, 29-октябрда Армения-Азербайжан кагылышуусунда курман болгон 30га жакын армян аскерлеринин жансыз денеси Бакудан Ереванга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Азербайжан президентинин жардамчысы Хикмет Гажиев брифингде билдирген.
"Согуш талаасында курман болгон Армениянын куралдуу күчтөрүнүн 30га жакын аскерлери менен офицерлеринин жана эки жөнөкөй жаранынын сөөгү армян тарапка өткөрүлүп берилиши керек болчу. Бул бүгүн Газах-Товуз аймагында болду", - деген Гажиев.
Анын айтымында, армян тарап алгач каза болгондордун сөөгүн кабыл алууну каалаган эмес.
Эске салсак, 9-октябрда Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Орусиянын президентинин чакыруусу менен Москвага келип, 10 сааттан ашуун сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында, 10-октябрь күнү түштөн кийин тараптар Карабахтагы ок атууну токтотууга, туткундарды жана каза болгон жарандардын сөөктөрүн алмашууга, ошондой эле элдешүүнүн конкреттүү деталдары боюнча макулдашкан. Бирок ишемби күнү тараптар ок атышпоо келишимин бузду деп бири-бирин айыптай башташкан.
Армения-Азербайжан кагылышуусу 27-сентябрда башталган.